Тажикстандын кол салуусу. Баткенге ЖОЖдордун психологдору барат

Бүгүн, 20-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен республикадагы жогорку окуу жайлардын 27 психологу Баткенге барат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектен 13, ал эми Оштон 8 психолог барат. Учурда жеринде 6 психолог иш алып барууда. Иштер психологдор кербенинин алкагында уюштурулууда.

Белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өтүп, анда жогорку окуу жайларда иштеген психологдордун тобун Баткенге жиберүү тапшырмасы берилген.

Кошумчалай кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган "Баткенге жардам" атайын эсебине азыркы учурда билим берүү тармагынан 17,5 млн сом которулду. Мындай көмөктөшүү каражаттары алдыда дагы которулмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД