Түркиянын Жандармерия академиясынын делегациясы ИИМ Академиясына келишти

Түркия Республикасынын Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын делегациясы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына келишти.

Тажырыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты түзүү максатында Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясына келишти.

ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-сапардын алкагында аталган делегациянын курамы – Түркия республикасынын Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын командири генерал- лейтенант Нух Көроолу, академиянын студенттер иштери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Өзжан Мете Өзжан, академиянын стретегиясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы полковник Хайреттин Күпели, чет тилдерди окутуу бөлүмүнүн башчысы майор Харсан Мерт Йолжу, Академиянын окутуучусу, доктор Күршад Гүч жана Али Йылдырым, Түркия мамлекетининин ИИМдин Кыргызстандагы өкүлү Мустафа Ырмак КР ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги милициянын подполковниги А. Барпиев, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги К. Абдырахманов жана ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен жолугушту.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ачып, Түркия мамлекети кылмыштуулуктун заманбап түрлөрү болгон маалыматтык жана кибер коопсуздук жаатындагы кылмыштар менен күрөшүү боюнча бир топ тажырыйбага ээ экенин, бул тажырыйбаны үйрөнүү жана болочоктогу милиция кызматкерлерине үйрөтүү зарыл экенин белгилеп, бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасы менен Турция мамлектинин кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыгына жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын адистерди даярдоо жана окуу процесин уюштуруу боюнча бир-бирине маалымат беришип, киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин окутуу жаатында тажырыйба алмашуу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда тараптар биргелешкен долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын өкүлдөрү милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүл коюшуп, ИИМдин Академиясынын материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, музейин да көрүп чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД