41 жаштагы аялды тоноп кеткен деп анын күйөөсү кармалды

Кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-сентябрында болжол менен саат 12:40 чамасында "102" кызматына "Азиз" базарынан тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1981-жылы туулган Б.А. аттуу айым жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле даректен өзүнүн жолдошу арыз ээсине карата күч колдонуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган М.М. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факты Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 206-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД