Оштогу жатак абактын кызматкерлери кан тапшырып, гумжардам чогултуп беришти

Ош шаарындагы №42 жатак абагынын кызматкерлери баткендиктерди колдошту. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №42 жатак абагынын башчысы, и/к подполковниги Абдыкадыр Исмаиловдун буйругу менен улуттук аза күтүүгө карата мекеменин аймагындагы Кыргызстандын мамлекеттик желеги жарым ылдый түшүрүлдү.

Мындан тышкары, колониянын кызматкерлери Ош облустук кан борборунда жабыркагандарга кан тапшырышты.

Ошондой эле, Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү фондуна мекемесинде чыгарылган самындан 200 кг берилди. Кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысын муктаж баткендиктерге которуу жагы башкы эсепчиге тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД