Кибер коопсуздук боюнча "Жарандык коом үчүн технологиялар" форуму өтүүдө

Бишкекте кибер коопсуздук боюнча "Жарандык коом үчүн технологиялар" форуму өтүп жатат. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Баткен жана Ош облустарында болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстан үчүн киберкоопсуздук маселеси болуп көрбөгөндөй курч турат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр-чатак кадимки курал менен гана эмес, санариптик форматта да жүргүзүлүүдө. Анын кесепеттери баарына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул актуалдуу маселени бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте кибер коопсуздук боюнча "Жарандык коом үчүн Tech" форумунда талкулап жатышат. Ага КЭУ сектору, Кыргызстандын жарандык активисттери жана журналисттери катышууда.

Форумдун максаты: маалыматтык жана санариптик коопсуздук менен таанышуу, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды, каршылык көрсөтүү боюнча тенденцияларды жана чараларды талкуулоо. Форумда катышуучулар өздөрүн кантип коргоону, алдамчылыктан алыс болууну жана "Интернет" тармагында өзүн коопсуз алып жүрүүнү үйрөнүп жатышат.

- Чабуулчулар веб-сайтты жана башка маанилүү санариптик ресурстарды иштен чыгарган чабуулдардан коргонуу;

- Маалыматтык чагымчылдык, жалган жаңылыктар менен күрөшүү;

- Киберкоопсуздук боюнча практикалык кеңештерди жана учурдагы кырдаалда пайдалуу боло турган башка пайдалуу маалыматтарды эл аралык жана жергиликтүү эксперттер айтып жана көрсөтүп беришип жатышат.

Биз мамлекеттик органдарды, ишканаларды, уюмдарды жана жарандык активисттерди маалыматтык коопсуздугун бекемдөөгө чакырабыз.

Акыркы жылдары санариптештирүүнүн өнүгүшү менен кибер кылмыштардын саны өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда күнүнө орто эсеп менен 20-га жакын кыргызстандык сайт кибер чабуулга дуушар болууда. Билимдин жетишсиздиги жана профилдик эксперттердин жоктугу кибер кылмыштуулуктун өсүшүнө жана жеке маалыматтардын жоголушуна алып келет. КР УКМК алдындагы киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборду ишке киргизүү менен дээрлик бардык мамлекеттик органдар жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Муну менен, жарандык коом алсыз бойдон калууда жана жеке баракчалардын бузулушун кошо алганда, киберинциденттер менен күрөшүүнү улантууда.

Уюштуруучулар жөнүндө маалымат: "Кыргыз Интернет Коому" коомдук бирикмеси "Сорос-Кыргызстан" Фондунун каржылоосу менен "Tech4Society" долбоорун жакында ишке киргизген. Бүгүнкү форум ушул долбоордун алкагында өтүүдө.

Tech4Society - бул жарандык секторду, активисттерди жана журналисттерди колдоо үчүн атайын иштелип чыккан санариптик коопсуздук маселелерине өзгөчө кырдаалдар боюнча акысыз кызмат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД