Атайын түзүлгөн комиссия чыгымды аныктоо иштерин баштады

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады

"Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат", - деп билдирди КРнын ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Жолдошбаев Ырысбек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда төмөндөгүлөр жок талкаланган:

Турак жай имараттары – 364;

Чарбалык курулуштар - 168;

Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);

Стратегиялык объекттер – 5;

Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149;

Транспорт - 9.

Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД