Тажикстандын кол салуусу. Ак-Суу дарыясындагы көпүрө ачылды

Баткенде Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ачылды. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине 7 бирдик атайын техника тартылган.

"Бүгүнкү күндө оор жана жеңил унаалар үчүн убактылуу көпүрө камсыз болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабылды Тиллаев аталган министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо.

Эскерте кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. Ал 17-сентябрда тажик аскерлери тарабынан жардырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД