Республикалык бюджеттен Баткен облусуна 497,6 миллион сом бөлүнгөн

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу алкагында республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын эсебинен куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу чаралар жыйындысы, анын ичинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД