Бишкектеги чайкана Баткенден келгендерди убактылуу кабыл алат

Бишкек шаарында жайгашкан "Карагат" тамактануучу жайы Баткенден келгендерди кабыл алуу үчүн убактылуу пункт катары ачылды. Бул тууралуу ӨЗгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган тамактануучу жайдын жетекчиси жеке Сайрагүл Мырзалиева 20-25 чейин кишини канча убакыт болсо да кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

"Карагат" чайханасынын жанында жайгашкан 10 бөлмөлүү чакан мейманканада ысык, муздак суусу жана жуунучу жай (душ) бар. Ошондой эле жеке ишкер келген мекендештердин 3 маал тамак-ашын да камсыздап берерин айтты", - деп айтылат маалыматта.

Жеке ишкер Сайрагүл Мырзалиева белгилегендей, Баткендеги кырдаал ар бир кыргыздын жан дүйнөсүнөн өтүп, жүрөгүн оорутуп турган учур. "Мындай убакта колдон келген жардамды көрсөтүп, салым кошуп жаткандардын катарында биздин үй-бүлө да кол сунууга даяр", - деп билдирди.

Дареги: Бишкек ш. Орхон көч. 20/12А (Алматинская-объездная).

Байланыш номери: 0 553 93 92 03 Сайрагүл Мырзалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД