Чүйдө ишкерди коркутуп, 50 миң доллар талап кылгандар кармалды

Аламудун районунда ишкерди коркутуп чоң суммадагы акча опузала талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламудун РИИБке арыз менен 1947-жылы туулган А.С. кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын башынан бери белгисиз жаран ар кайсы номерден чалып, криминал чөйрөсүнөн болом бир нече бизнестерин бар экен деп коркутуп, 50 000 АКШ долларын талап кылып жаткандыгын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опуза талап кылуу) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, опуза талап кылып жаткан адамдар Жети-Өгүз районунун тургундары 1981-жылы туулган К.А. жана 1973-жылы туулган М.Б. экендиги такталган.

Аталган К.А. жана М.Б. ишкерден иш бөлмөсүндө 200 000 сом акча алып жаткан жеринен ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкерлери менен колго түшүрүлгөн. К.А. жана М.Б. шектүү катары кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилишти.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД