Орусиядан учуп келген жаран экстремисттик материал тараткан деп кармалды

Ош аэропортунан диний-экстремисттик уюмдун материалдарын таратуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында КР аймагына кирүү учурунда Ош шаарынын аэропортунан "Новосибирск-Ош" авиакаттамы менен учуп келген диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД