Садыр Жапаров Нью-Йоркто Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тарап тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскер кызматкерлеринин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД