Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 197 млн 3 миң 547,32 сом түшкөн.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.