ЖАКнын Өрт коопсуздугу кызматкерлери интенсивдүү окуудан өтүштү

Өрт менен күрөшүү үчүн үч күн. ЖАКнын Өрт коопсуздугу кызматкерлери интенсивдүү окуудан өтүштү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан мекемелеринин өрт коопсуздугу боюнча кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык өрткө каршы бөлүмүндө үч күндүк окуулар өткөрүлдү.

Курстар аяктагандан кийин бардык кызматкерге тиешелүү сертификаттар ыйгарылды. Эми өзгөчө кырдаал болгон учурларда өз алдынча профессионалдуу иш алып бара алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД