Атайын комиссия кыргыз-тажик кагылышууларынын кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы подполковник Ырысбек Жолдошбаев билдирди.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
КР ӨКМ–615 куткаруучу, 53 бирдик техника;
ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника;
Жалпы: 7883 кызматкер, 374 техника.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат:
Баткен облусунун аймагындагы куралдуу кагылышуудан алдын ала маалымат боюнча 365 турак үй, 6 стратегиялык объектилер, 9 социалдык объектилер, 168 сарай, 168 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 10 автоунаа жабыркаган.