Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген кондиционерлер аныкталды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген кондиционерлер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда жалпы суммасы 1,4 млн сомдук GREE маркасындагы 34 даана кондиционерди ташып бара жаткан унаа кармалган.

"Импорттоочунун коштомо кагазында бул товар белгиленген эмес", - деп белгилешти ведомстводон.

Бузуулар боюнча мыйзамга ылайык, материалдар андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратура органына өткөрүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД