Баткенде эртеңден баштап бузулган объектилерди тазалоо иштери башталат

Баткенде эртеңден баштап бузулган объектилердин ордуларын тазалоо иштери башталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун аймагына ӨКМ тарабынан 615 куткаруучу, 53 бирдик техника тартылган.

"Алар гумжардамдарды кабыл улуу, түшүрүү, жеткирүү иштерин аткарууда. Куралдуу кагылышууда жабыркаган объектилер изилденип, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Кыргыз тараптан 365 турак үй, алты стратегиялык объект, тогуз социалдык объект,168 сарай, 168 тиричилик камсыздоо объектиси, 16 автоунаа жабыркаган", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД