Акыйкатчы институту чек ара чырында укук бузуу учурларын каттоодо

Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара райондоруна Тажикстандын аскерлери басып киргендигине, Ош обласынын Чоң Алай районунда аткылап баргандыгына байланыштуу аргасыз жер которууга дуушар болгон тынч жашоочулардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү менен ок атуудан жабыркагандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна парламенттик контролду үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыйкатчынын орун басары А. Колопов менен бирге Омбудсмендин борбордук аппаратынан 3 кызматкер Баткен областынын аймагынан Ош шаарына эвакуация болуп келишкен адамдардын жашоо шартына мониторин жүргүзүүгө 19-сентябрда жөнөтүлдү.

Жакынкы күндөрү Баткен облусуна барып, жабыркаган элге жолугуп, жеринен ишти улантат. Баардык аргасыз жер которууга дуушар болгон тынч жашоочуларга, бейөкмөттүк эмес уюмдарга, ыктыярчыларга жана журналисттерге адам укуктарынын бузулушу тууралу ар бир көрүнүш боюнча Акыйкатчы аппаратына юридикалык кеп-кеңеш же коргоо, колдоо алганга күнү-түнү "115 шыр байланыш" кызматына (чалуу-акысыз), же 0555-00-16-09 whatsapp номерине кайрыла алаарын билдиребиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД