Баткенге барган 30 дарыгер Бишкекке кайтып келишти

"2022-жылдын 21-сентябрында саат 11:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылгандардын жалпы саны 198 адамды түзсө, анын ичинен 61 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн" - бул тууралуу Баткен облусунун саламаттыкты сактоо тармагы боюнча координатору Арзыбек Борубеков маалымдады.

Учурда 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

▪️Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.

Медицина кызматкерлери, ушул оор күндөрдө жардам берген кесиптештерибиз Бишкекке, Ошко, Жалал-Абадга кайтып келишүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкектен 7 дарыгер Лейлек ЦОВПда калып, калган 30 дарыгер Бишкекке кайтып келишти.

Баткен облустук ооруканасында 21 дарыгер жардам көрсөтүүдө.

Калкка психологиялык жардамды Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева баштаган 22 адис көрсөтүүдө. Ал эми кризистик борборлордон 4 психолог иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД