Кадамжайга эвакуацияланган 38 миң адамга 26 психолог жардам көрсөтүүдө

Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Гуласыл Сутуева жетектеген психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 26 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.

"Адам бир нерседен катуу чочуп коркуп калганда катуу стресс алышы мүмкүн. Ошол убакта биринчи психологиялык жардам көрсөтүлбөсө алар ооруга айланып кетиши мүмкүн. Жабыркагандар өтө көп, психолог дарыгерлер чарчаганына карабастан иштөөдө.

Өнөкөт ооруларды алдын алуу үчүн биз психологиялык жардам көрсөтүүдөбүз. Бул жумуш бир күндүк иш же бир айлык иш эмес бул нече айга созулат. Учурдагы абал оор болгондуктан бардыгына курч мезгилдеги психологдор келип жардам көрсөтүүдө.

Эвакуацияланган калктын көпчүлүгү шаар ичиндеги жана айылдардагы үйлөрдө жайгашкандыктан ар бир үйгө кирип жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен кошумча маалымат үчүн психологдордун телефон номерлерин калтырып кетүүдөбүз", - деп Республикалык медиа штабка билдирди, Кадамжай шаарында иш алып барып жаткан КР Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Гүласыл Сутуева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД