КР ТИМ Тажикстан ТИМин чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандвн Тышкы иштер министрлигин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы билдирүүсүн тажик тараптын негизсиз шектенүүлөрү менен отко май тамызып, кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуялар тууралуу дүйнөлүк коомчулукту адаштыруунун кезектеги аракети катары баалайбыз.

2022-жылдын 21-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиев жана Тажикстан Республикасынын УКМК төрагасы С.Ятимов кол койгон акыркы Протоколдун бардык пункттарын кыргыз тарап аткарды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Тажикстан Республикасы менен чектешкен чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрүнүн жана каражаттарынын болушу жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан учкучсуз учактар учуп анын аба мейкиндигин бузуп жатат деген божомолдору чындыкка дал келбейт.

Өз кезегинде тажик тарап чек ара аймактарындагы Тажикстан Республикасынын Мургаб, Исфара жана Лахш облустарынын, ошондой эле "Тамдык" Баткен чек ара отрядынын чек ара заставасы жана "Катта-Туз" Лейлек чек ара отрядынын чек ара посту тарабында жайгашкан оор аскердик техникасын туруктуу жайгаштыруу пункттарына толук кайтарып кеткен жок.

Анын үстүнө тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, оор техникаларды алып кетимиш болуп, аларды жарандык транспорт катары жамынып алып, чек арадагы Ворух, Хожайлоо, Сурх жана Ляккон конуштарынын кварталдарына жайгаштырып жатат.

Тажикстан Республикасынын Ворух анклавында жана Кызыл-Арт чек ара ашуусунда чагымчыл ок атуунун бир нече жолу катталган фактыларына карабастан, кыргыз тарап ок атышпоо режимин катуу сактоодо.

Компетенттүү органдар чек арадагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана турукташтыруу боюнча оор жумуштарды аткарып жаткан чакта, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин мындай ойлонбой жасаган жана этиятсыз билдирүүлөрү деэскалация, ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарат.

Кыргыз тарап, мурдагыдай эле, жетишилген макулдашууларды катуу карманып, тажик тарапты да ошондой эле абийирдүүлүк менен, анын ичинде тараптар кол койгон Протоколдордун алкагында өз милдеттерин аткарууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД