Туйгунаалы Абдраимов күнөөлүү деп табылып, ага 2 млн сом айып салынды

Коррупцияга айыпталып кармалган экс-чиновник Туйгунаалы Абдраимовго сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, өкүм бүгүн, 21-сентябрда чыгарылды.

"Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекетке 2 000 000 сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Т.Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т. Абдраимовго тиешелүү "Кайнар" ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөн.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Т.Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 млн 300 миң сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД