Чек ара кызматы: Лейлек районунунда ок атылды деген маалымат жалган

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 21-сентябры саат 19:00гө карата мамлекеттик чек арадасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды курч бойдон деп мүнөздөйт.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынынын жанындагы Тажикстан Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды деген жана Лейлек районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү такталбаган басылмалардын маалыматын жана ар кандай ушак-айың кептерди тиешелүү органдардан тактап, коомчулуктун тынчын албоого чакырат.

Маалымат жана байланыш башкармалыгы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД