Чек ара кызматы: Саат 08:30га карата Баткенде кырдаал туруктуу

Бүгүн, 22-сентябрда саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай окуя катталган жок.

"Чек арага жакын аймактардагы жарылбай калган заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана кошумча аскер техникаларын туруктуу жайгашкан жерлерине кайтаруу жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД