Москва – Бишкек учагында жарылуучу зат бар деген маалымат тастыкталган жок

Учакта жарылуучу зат бар деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 14:53тө "Манас" эл аралык аэропортунун диспетчеринен Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Маалымат тастыкталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД