ИИМ жарандарды такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды

Ички иштер министрлиги учурда Интернетте чек арадагы чыр-чатак тууралуу көптөгөн бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатканын билдирет.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай бурмаланган жана орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн.

Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү, жалган жана туура эмес маалыматтын жайылышына жол бербөөнү, ушактарды көбөйтпөөнү, расмий мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат.

"Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайбыз. Биз бардыгын эрежени сактоого чакырабыз.

Муну менен бирге жарандарга активдүү жарандык позициясы жана кырдаалды турукташтыруу маселелеринде көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД