ЖАК кызматкерлери Баткендин тургундарына жардам көрсөтүүнү улантышууда

ЖАКнын бардык мекемелери Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү улантышууда. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрымдуулук марафонуна КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлери кошулуп, жабыр тарткан мекендештерге колдоо көрсөтүүнү улантышууда.

Тактап айтканда, Чүй областынын Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо мекемеси, Талас районундагы №39 жатак абагы жана башка мекемелердин кызматкерлери кан тапшырып, бир күндүк эмгек акыларын бир добуштан Баткенге жардам берүү фондуна которуп беришти. Ошондой эле, Каракол шаарындагы тергөө изоляторунун кызматкерлеринин өз ыктыяры менен которулган бир күндүк эмгек акысынын суммасы гана 38 миң 950 сомду түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД