Тажикстандын кол салуусу. Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 432ге жетти

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаганган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрдигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан Баткен облусу боюнча жалпы жабыркаган объектилерди тактоо иштери аяктады.

"Ошондой эле 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганы аныкталды. Бүгүнкү күндө талкаланган объектилердин саны такталды, эртеңден баштап курулуш калдыктарын тазалоо жана курууга даярдоо иштер башталат", - деди ал.

Мындан тышкары, ал жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД