ЖАКнын төрагасы Жалал-Абаддагы жоокерлер менен жолугушту

ЖАКнын төрагасы Кыргызстандын түштүгүндөгү жоокерлер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы генерал-майор Аскат Эгембердиевдин түштүк аймагында жайгашкан мекемелерге болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад областындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун командачылыгы жана өздүк курамы менен жолугушту.

Төрага менен болгон жолугушуу жана аңгемелешүү кызматкерлерди зор шыктандырды. Аларды коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы, укук тартиби үчүн дагы да натыйжалуу жана жоопкерчилик менен кызмат кылууга түрткү берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД