Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, кетип калган айдоочу кармалды

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, кетип калган айдоочуну аныктады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 14-сентябрында болжол менен саат 10:10 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен Исанов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жол кырсыгынын натыйжасында 1961-жылы туулган С.Т. аттуу жаран жаракат алып, улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада "Lexus RX300" үлгүсүндөгү авто унаанын 1984-жылы туулган Ж.А. аттуу айым айдоочусу кармалып, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД