Окуучуларды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө буйрук чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында "Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө" буйрук чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:

билим берүү уюмдарында - Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;

"Кыргызстан Баткенден башталат" темасында дил баяндар сынагы, "Элдердин достугу өлкөнүн күчү" темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, "Достук Ритмдери" онлайн флешмобу, "Ар бир үйгө тынчтык" веб-плакаттар сынагын өткөрүү;

мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД