Жапаров менен Лукашенко кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча сүйлөшүштү

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД