"Кудайберген" базарында 10дон ашуун контейнер өрттөнүп кетти

Бишкектеги "Кудайберген" базарында чыккан өрттө унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Патриса Лумумба көчөсүндө жайгашкан "Кудайберген" базарындагы өрттү өчүрүүгө саат 16:03тө жалпы беш бөлүм жана ыкчам топ тартылды.

Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД