Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.
Белгилей кетсек, светофорлор шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.
Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:
Усенбаев – М. Куренкеев көчөлөрүнө;
Ахунбаев – Тагай Бий көчөлөрүнө;
Киев – К. Акиев көчөлөрүнө;
Москва- К. Акиев көчөлөрүнө;
Осмонкул-Куренкеев көчөлөрүнө;
Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
Фучик – С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
М. Горький – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
Профессор Зимы-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп
Ошондой эле, бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:
Л. Толстой – М. Достоевский көчөлөрүнө;
Уметалиев – Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
Медеров – К. Тыныстанов көчөлөрүнө.
Транспорт департаменти кесилиштерде 7 транспорттук светофор объектисин курууга конкурс жарыялады:
Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
И. Ахунбаев – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
Л. Толстой – М. Ауэзов көчөлөрүнө.
Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.