Муфтий баштаган жамаат Баткен окуяларынан жараат алгандарды зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБнын жамааты Баткен облусундагы кандуу окуяларда жараат алган жоокерлерди жана жарандарды зыярат кылды. Зыяраттын алкагында Замир кары Ракиев жаракат алган жарандарга жана жоокерлерге шыпаа жана күч-кубат тилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

"Элдин амандыгы, Мекендин бүтүндүгү үчүн кара башты канжыгага байлап, эл четинде болдуңуздар. Билгенге бул оор жана куттуу озуйпа. Аны татыктуу аткаргандарды эки даража; баатырлык же шейиттик күтөт. Бул экөө биринен-бири өткөн улуу даража".

Азирети Муфтий мындан сырткары элге, Мекенге кызмат кылуунун пазилеттерине токтолуп, бир келген өмүрдү туура жашап өтүү керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган саамалыкта жалпы 100 гө чукул адамдын абалынан кабар алынып, дары-дармек үчүн элден чогулган акчалай жардамдар таратылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД