Чүй облусунун казыяты Баткенге бир фура жардам жөнөттү

21-сентябрь күнү Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумугулов башында турган Чүй облусундагы дин кызматкерлеринин уюштуруусу менен Баткенде болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан жарандарга бир фура гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтийдин буйругу менен ачылган штабга жардам топтоого райондордун баш имам-хатибдери, жооптуу имамдар жана имамдар активдүү катышты. Чүй облусунун Сокулук районундагы "Хадижа" мечитинде ачылган штабга негизинен азык-түлүктөр топтолуп, Баткен облусуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин да Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун тургундары Баткенге бир фура жардам жолдогон болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД