ДССУ башчысы бардык өлкөлөрдү эмдөө иштерин активдештирүүгө чакырды

ДССУ башчысы бардык өлкөлөрдү эмдөө иштерин активдештирүүгө чакырды.

ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус бардык өлкөлөрдү 100% тобокелдик топторду, анын ичинде медицина кызматкерлерин жана карыларды эмдөө боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Жалпысынан калктын 70% эмдөө менен камтууга умтулуу керек, деп белгиледи ал.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясынын аякташына аз калды, COVID-19дан каза болгондордун саны 2020-жылдын март айынын деңгээлине чейин төмөндөдү.

Бүгүнкү күндө эмдөө ковидден коргонуунун эң натыйжалуу жолу бойдон калууда.

РИА-Новости билдиргендей, буга чейин медицина илимдеринин доктору Геннадий Онищенко коронавирус инфекциясы жок боло электигин, бүткүл планетанын калкы үчүн коркунуч сакталып турганын, ал эми вирус мутацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Анын айтымында, инфекцияга каршы күрөштүн башкы аянты бүгүнкү күндө калкы жыш жайгашкан жана тиешелүү климаттуу өлкөлөрдө – Кытайда, Индияда, Түштүк Кореяда, Индонезияда жайгашкан. Бирок, келечекте COVID-19 өзүн кандай алып жүрөрү белгисиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД