Нарын шаардык милициясы окуучулар менен жолугушуу өткөрүүдө

Нарын шаардык милициясы окуучулар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мектеп окуучуларына "Кылмыш жаза жоопкерчилиги" деген темада лекция өтүшүп, суроо жооп ирээтинде аңгемелешүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кечкисин көчөгө максатсыз чыкпоого, кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөп өтүштү.

Мындан тышкары жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жол эрежелерин туура сактоо, жол чырактан кандай өтүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кечкисин атайын рейддерди уюштуруп, кылмыштуулуктун алдын алууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД