Кыргыз-тажик чек арасы: Түн тынч өттү, кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткен облусунун аймагында 22синен 23-сентябрга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан алганда чек арада кырдаал салыштырмалуу туруктуу. "Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иш тобу бүгүн да иш алып барышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД