Таласта дүкөндөрдүн кулпуларын сындырып, товар уурдап жүргөндөр кармалды

Манас райондук милициясы сериялык уурулуктардын бетин ачышты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-август күнү Манас РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө бир эле түндө жасалган 4 кылмыш тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда, Манас районуна караштуу Покровка айылынын Кояшев көчөсүндө катар жайгашкан 4 дүкөнгө белгисиз адамдар кирип, эшиктердин кулпуларын сындыруу менен товарларды уурдап кетишкен. Айфон, редми, самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, аксессуардык товарлар болуп, уурдалган буюмдардын баары биригип, жалпы чыгым 232 100 сомду түзгөн.

Кылмыш болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзгөн. Аталган факты Манас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын КЖКнын 205 –беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү 2 жаран кармалган.

2001-ж.т. К уулу Э. жана 2004-ж.т. Ж. уулу Т. уурдалган товарларды ВАЗ 2115 үлгүсүндөгү авто унаа менен алып барып Бишкек шаарында сатышкандыгы аныкталган. Учурда сериялык уурулук кылмыштарына шектүүлөр Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна камакка киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД