Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде жабыркагандар боюнча маалымат берди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларга токтолду.

Жабыркагандар – 198, анын ичинен 61 адам амбулатордук дарыланса, калган 137 адам ооруканага жаткырылган.

Жабыркагандардын жалпы санынан:

Балдар - 12

Эркектер - 129

Аялдар – 13

Баткен облусунда гемодиализге муктаж 35 бейтап бар, анын ичинен 16 адам диализ алуу үчүн Бишкек шаарындагы клиникаларга которулса, калган 24 адам Баткен облусунда коопсуз аймактарда кабыл алынууда.

Бул убакыт аралыгында Баткен облусунун ооруканалары:

39 кош бойлуу аял, анын 10у борборго которулган (3 төрөт, 2 гинекологиялык бөлүмдө жана 5 патология);

27 аял аман-эсен төрөдү.

Кант диабети менен жабыркагандар өз убагында инсулин менен камсыздалып, 20-сентябрда Баткен облусуна инсулиндин кошумча партиясы (500 бөтөлкө), 20 даана глюкометр, ар бир аппаратка 500 даана тесттик тилкелер жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы глюкометрлерди жөнөтүүнү карап жатат.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД