Таласта мыкты милиционерлер сыйланышты

Талас ОИИБде мыкты кызматкерлер сыйланды.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн 23-сентябрь КРнын ИИМдин маалымат технологиялар борборунун түзүлгөнүнө 104 жыл толду. Талас ОИИБи ал кесиптик майрамды салтанаттуу белгилеп, башкармалыктын начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис куттуктоо сөздөрүн айтуу менен аталган бөлүмдүн кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Талас ОИИБдин маалымат технологиялык борборунун карамагында 2019-жылдан бери бирдиктүү терезе мамлекеттик усулдарды көрсөтүү борбору ачылган. Алар калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында жарандарга ички иштер органдарынан керектелүүчү документтердин түрлөрү менен камсыз кылат.

Бүгүн, майрам күнүнө карата сыйланган кызматкерлерге ОИИБдин начальниги иштерине ийгиликтерди каалап, жарандарга сылык мамиле кылуу менен аларга милициянын ыкчам текшерүү кызматтарын көрсөтүүдө жогору билимдүүлүктү көрсөтүү зарыл экендигин белгиледи.

Аталган бөлүмчөнүн начальниги милициянын подполковниги Чомоев Айбекке жана улук инспектору милициянын майору Абасканова Алтынайга КРнын ИИМдин "МТБга 100 жылдык" юбилейлик медалы, башка кызматкерлерине ИИМдин "Ардак грамоталары" ыйгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД