ЖАКнын ардагерлери ИИМдин кызматкерлерине снайпердик курал белек кылышты

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин ардагерлери ИИМдин кызматкерлерине снайпердик курал белек кылышты.

ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Тажикстан менен чек арада кагылышуу коркунучу толук жоюла элек. Ошондуктан, КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун ардагерлери өздөрүнүн жеке аманаттарынан 16 000 сом чогултуп, атайын комплект сатып алышты. Ал түнкү көрүүчү аппарат, тепловизор.

Бул аппарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы Ички аскерлеринин No704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул бөлүктүн аскер кызматкерлери кырдаал курчуп кеткен учурда биринчи кезекте согуштук аймактарга жөнөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД