Ысык-Көл облуcтук капиталдык курулуш башкармалыгы 14 млн сом зыян келтирген

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 14 млн 75 миң 533 сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүдө башкармалыктын кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно бузуп "О.Т.С." ачык акционердик коому тарабынан тапшырылган актыларда көрсөтүлгөн иштин көлөмүнүн аныктыгын текшербестен, акча каражаттарды төлөп жүрүшкөндүгү аныкталган .Ошондой эле курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери толук аткарылбай, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулуп келген.

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 14 млн 75 миң 533 сом зыян келтирген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 379 (документтерди жасалмалоо) беренелери менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД