Кан борборлоруна 1200дөн ашык адам ыктыярдуу кан тапшыруу үчүн кайрылган

Өлкөдөгү кан борборлоруна 1200дөн ашык адам ыктыярдуу кан тапшыруу үчүн кайрылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда канга болгон биринчи муктаждыктар канааттандырылды, мындан ары кан тапшыруу стратегиялык резервди толуктоого багытталат.

Баткен облусуна жеринде баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү эритроцит массасы жана жаңы тоңдурулган плазма, ошондой эле медициналык керектелүүчү материалдар, тест-системалар, реагенттер жана реактивдер жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД