
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жыжы 16- сентябры мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Тамдык" чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, саны жагынан көптүк кылуу менен заставага кол салгандыгын маалымдайт.
Чек ара заставасынын башчысы Эрлан Турсунбаев өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына бийиктикке чыгууга, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.
Массалык аткылоонун натыйжасына "Тамдык" чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган.
Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын "Тамдык" чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.
Азыркы учурда чек ара заставанын аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө болуп, алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды дайыма көзөмөлдөп турушат.