Кулов: Мародерчулук боюнча комиссия "Ата Мекенди" актоо үчүн керек

7-апрелдеги мародерчулук боюнча комиссия "Ата Мекенди" актоо үчүн керек. Бул жөнүндө бүгүн, 1 октябрда, "ВБ" га берген интервьюсунда "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтуусунда, 7 апрелдеги мародерчулук боюнча айыпталган өзбөк диаспорасынын лидери Абдулла Юсуповдун айткандары боюнча текшерүү иштери жүрүп, ал айткан маалыматтар тастыкталган эмес.

"Азыр ал айткан маалыматтарды дагы текшерүү чечими кабыл алынган, бул коомдогу болгон чыңалүүну, керексиз суроолорду алып салыш үчүн керек. Эгер аныкы туура эмес болуп чыкса, ал айыптаган адамдар акталыш керек, анын үстүндө бул комиссиянын түзүлүшүн "Ата-Мекендин" өкүлү Өмүрбек Текебаев өзү талап кылууда, - деп айтты депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД