Араван районунда кечээ чоң өрт кырсыгы катталган

Араван районунда кечээ чоң өрт кырсыгы катталган. Бул жөнүндө "ВБ" га өздүк булактар кабарлады.

Өрткө жогорку оордук категориясы берилди. Жалын 100 кв. м аянтты каптаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетине карабай өрт короо-жай имараттарына жайылып кеткен. Бир нече сааттык өчүрүү аракетинен кийин гана ал токтогон.

Алгачкы версия боюнча, өрттүн чыгышынын себеби электрөткөргүчүнүн тутануусу болуп эсептелет. Өрттөн жабыркагандар үйсүз гана калбастан, кышка малга даярдаган чөбү да күйүп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД