Төрага Польша Республикасынын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Польша Сейминин Вице-маршалы – Сейм төрагасынын орун басары Ежи Вендерлих башында турган Польша Республикасынын парламенттик делегациясы менен жолугушту, деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитет төрагасынын орун басары Нурлан Төрөбеков, Жогорку Кеңештин Польша парламентчилери менен достук тобунун жетекчиси Дастанбек Жумабеков катышты.

Жолугушуу жүрүшүндө төрага үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосунда дипломатиялык мамиленин түзүлгөндүгүнө 20 жыл толгондугун белгиледи. "Сентябрь айында ошол маарекеге арналган "Кыргызстан кыргыз жана поляк сүрөтчүлөрүнүн көзү менен" аттуу көркөм көргөзмөнүн ачылгандыгы жакшы жөрөлгөлөрдүн бири болуп калды", - дейт ал.

Ал эми Вендерлих мырза Польшанын парламентаризм жаатында 500 жылдан ашуун тарыхы бар экендигине токтолду.

Жолугушуу жүрүшүндө Төрага инвестициялык жагымдуу шарт түзүү үчүн баардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын, жакында эле арасына Польша да кирген 44 мамлекет менен визасыз режимде катташууга жол ачкан мыйзам күчүнө киргендигин меймандардын эсине салды. Кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтык жаатындагы жетишилген макулдашуулардын баары ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД