Жергиликтүү соттордун 7 судьясы Кытайдан кайтып келди

Жергиликтүү соттордун 7 судьясы 2012-жылдын 9-29 сентябрына чейин Кытайда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрүнө кирген өлкөлөрдүн судьяларына арналган "Кытай укуктук системасы жана сот системасы" темасындагы семинарга катышып кайтышты, деп билдирет Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

Семинар Кытай Эл Республикасынын Жогорку Эл Соту жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Соттор Академиясы тарабынан уюштурулуп, Пекин шаарындагы сот системасынын ведомстволук Judges Hotel жатаканасында өттү. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун колдоосу менен ишке ашты.

Семинардын максаты катышуучуларга Кытай Эл Республикасынын укуктук жана сот системасын тааныштыруу болду. Бул семинар 2012-жылдын апрель айында өткөн ШКУнун Жогорку Сотторунун төрагаларынын жолугушуусунда сүйлөшүлгөн кызматташтык жана тажрыйба алмашуу чечимдеринин негизинде өттү.

Семинарга ар тармактагы Казакстандан 5 судья, Тажикстандан 7 судья, Өзбекстандан 5 судья катышты.

Курстун уюштуруучулары 2012-жылдын 23-24-апрелинде өткөн ШКУна мүчө өлкөлөрүнүн Жогорку Сотторунун төрагаларынын жолугушуусундагы кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууда - бул семинар эң биринчи иш чара экенин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД